Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде 249 бейтап кайрылды

14:10, 20 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (19.11.19-ж.) 249 бейтап кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 173ү жаш балдар.

«Кайрылгандардын 82си ооруканага жаткырылган, алардын 67cи жаш балдар. Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 71 адам кайрылса, 31и ооруканага жаткырылып, 40 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 20 адам кайрылган, алардын 12си ооруканада жатат», — деп билдиришти министрликтен.