13:46, 20 ноября 2019, Бишкек - 24.kg
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Султан-Абад айылында кошуна үйлөрдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кырсык айылдагы Нурахунов көчөсүндө болгон.
Өрт 2 үйдүн ортосундагы чатырдан чыгып, биринчи үйдүн бөлмөсүнүн 15 чарчы мерт аянты, экинчи үйдүн 23 чарчы метр аянты күйүп кетти. Жалын андан ары № 409-Б дарегиндеги үйгө өтүп, натыйжада 240 чарчы метр чатыры өрттөндү.