Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

12:20, 20 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

«Киркомстром» суу кампасында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу, саат 09:00дөн кечки 17:00гө чейин Абакан, Архангельск, Белгород, Кустанай жана Тираспольск көчөсү менен чектешкен аймакта таза суу убактылуу токтойт.

Ошондой эле № 37 бала бакча, № 42 мектеп, «Бишкекжылуулукишканасы», «Бишкекмультсервис» ЖАК, «Нургаз», «ГМК Корунд», «Окно Роста» ЖЧКсы, «Шинкар» дүкөнү, «Салтанат» кафеси, «Санжыра» чайканасы, «Меридиан» той залы, № 43 почта байланышы, «Мастер Комп» компьютердик клубу, «Роза» сулуулук салонунда суу токтойт.