11:18, 20 ноября 2019, Бишкек - 24.kg
УКМК кылмыш далили болгон 200 миң доллардын жоголгонун четке какты. Бул тууралуу мекеменин расмий билдирүүсүндө айтылат.
«Буга байланыштуу УКМК 200 миң АКШ доллары жоголгондугу тууралуу маалымат чындыка дал келбестигин билдирет. Муну менен Мамлекеттик комитеттин жетекчилигине жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттерин каралоо максатында жалган маалыматтарды таратуу менен коомчулука жаман көрсөтүү максатында атайлап каралоо иштери жүрүп жаткандыгын белгилей кетүү керек», — дейт УКМК.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК сейфинен 200 миң доллар уурдалганы кабарланган. Ал акчаны коопсуздук кызматынын кызматкери казиного уттуруп койгондугу дагы айтылган.