Таласта 6 тонна күйүүчү майды ташып бара жаткан унаа кармалды

10:50, 20 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Талас облусундагы «Кызыл-Адыр» унаа көзөмөлдөө жайында 6 тонна күйүүчү майды ташып бара жаткан унаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны текшерүү маалында 1 тонналык 2 даана пластик идиш жана металлдан жасалган 4 тонналык идиш табылган. Айдоочунун айтымында, ташып келе жаткан бензиндин документи жок.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаа айып короосуна киргизилди.