21:03
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Халык Банк Кыргызстан» ААК уставдык капиталын 1,2 миллиард сомго чейин көбөйтөт

«Халык Банк Кыргызстан» Ачык акционердик коому Казахстан Эл Банкынын туунду компаниясы уставдык капиталын 1,2 миллиард сомго чейин көбөйтүү ниетинде. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.

Тийиштүү чечим ушул жылдын 12-ноябрында Банктын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында кабыл алынды. 

Бардык тийиштүү жол-жоболордон өткөндөн кийин Банктын уставдык капиталы эки эсеге: 600 миллион 8 миң сомдон 1 миллиард 200 миллион 8 миң сомго чейин көбөйтүлөт. Бул Кыргызстандын уставдык капиталынын өлчөмү боюнча 24-орундун ичинен Банктын сегизинчи орунду ээлөөсүнө мүмкүндүк берет.

Уставдык капиталдын көбөйүшү, бул акционердин Банктын өсүшүн жана өнүгүшүн колдоого даяр экендигин, Кыргызстандын финансылык рыногунда Банктын позицияларын андан ары бекемдөөгө көмөктөшө турганын тастыктайт.

«Халык Банк Кыргызстан» ААК — бул 14 жылдан ашык убакыттан бери заманбап банктык технологияларды колдонуу менен корпоративдик, МСБ жана чекене кардарлардын бардык категориялары боюнча Кыргызстандын рыногунда финансылык кызматтарды көрсөтүп келе жаткан универсалдуу банк болуп саналат. Банктын кардарларын мамлекеттер аралык эсептешүүлөрдү жүргүзүүлөрдө тейлөө үчүн Германиянын, Россиянын, Казахстандын жана Түштүк Кореянын ири банктары менен корреспонденттик мамилелер түзүлдү. Кыргызстан боюнча Банктын 19 бөлүмү бар: Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Кара-Сууда, Кара-Балтада, Чолпон-Атада, Караколдо, Өзгөндө жана Ноокатта бар. Банктын жалгыз акционери — «Казахстан Эл Банкы» АК, ал Казахстандын системаларын түзүүчү Банкы болуп саналат.

Halyk Bank («Казахстан Эл Банкы» АК) кардарлардын эң кеңири базасы жана жайылтуу тармактары менен болгон Казахстандагы эң ири финансылык топ жана лидерлик чекене банк болуп саналат. Банк өзүнүн чекене кардарларына, чакан жана орто бизнес карларларына жана корпоративдик кардарларга банктык кызматтардын (камсыздандыруу, лизинг, брокерлик жана активдерди башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн) толук спектрин сунуштайт. Банк өзүнүн операцияларын Россияда, Грузияда, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда да жүргүзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар