Милиция Бишкектин «Чыгыш-5» кичи районундагы калайман мушташтын катышуучуларынын өздүгүн аныктады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, мушташкандардын баардыгы тергөө кызматына алынып келинди.
Мушташка катышкандар:
— Р.Н. 2001-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну;
— Н.Р. 2000- жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну;
— А.Б. 2001-жылы туулган, Бишкектин тургуну;
— Б.Б. 2001-жылы туулган, Бишкектин тургуну;
— Ж.Б. 1998-жылы туулган, Нарын облусунун тургуну;
— У.К. 1997-жылы туулган, Нарын облусунун тургуну;
— Э.Н. 2001-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну;
— Т.А. 2001-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну.
Эске салсак, Бишкектеги калайман мушташта бир киши жабыркаган.