Бишкекте жумуш издегендер үчүн бош орундар жарманкеси өтөт

09:48, 20 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте жумуш издегендер үчүн бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманкеде ата мекендик ишканалар жумуш издегендерди бош вакансиялар менен тааныштырышат.

Иш-чара 21-ноябрда саат 10до М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде өтөт.