14:48, 19 ноября 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкекте массалык мушташ болду. Бул тууралуу соцтармактын колдонуучулары билдиришти.
Маалыматка караганда, мушташ «Чыгыш-5» кичи районунда, райондук администрациянын имаратынын жанында болгон.
Видеодо бир канча кишинин мушташып жатканын көрүүгө болот. Анда балдардын бири кулап калганда, башка 2 киши чуркап келип кайра сабашкан.
ШИИББ учурда милиция видео боюнча текшерүү жүргүзүп жатканын билдирди.