Токмокто күйүүчү-майлоочу майды канистр жана бөтөлкөгө куюп сатышууда

09:25, 19 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Токмоктун көчөлөрүндө күйүүчү-майлоочу майды канистр жана бөтөлкөгө куюп сатышууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурман билдирди.

«Бул абдан кооптуу! Сапаты үчүн эч ким жооптуу эмес, салык да төлөшпөйт», — дейт окурман. 

Эске салсак, күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келүү тууралуу маалыматты 0312613189 ишеним телефону аркылуу билдирсе болот.