Чүй облусунун айрым райондорунда 3 күн бою газ берилбейт

17:55, 18 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун айрым райондорунда 3 күн бою газ берилбейт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, оңдоо иштерине байланыштуу 19-21-ноябрь күндөрү Романовка айылында (Заводская), 19-ноябрда Токмок шаарында (Өзбек көчөсү, 30-40, Сарбагышев, 161, 163, Пушкин, 115-125, Ибрагимов, 114, 115) жаратылыш газы чектелет.

Эске салсак, 22-ноябрга чейин Бишкектин айрым райондорунда дагы газ болбойт:

  • Тоголок Молдо, М.Ганди, БЧК, Саадаев көчөлөрү менен чектеш аймакта;
  • «Көлмө», «Салам-Алик», «Щербаков».