Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Орусиянын жараны кармалды

16:17, 18 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Кечээ «Кайыңды-темир жолу» көзөмөл өткөрмө жайында чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жүк ташуучу поездди текшерүү маалында көмүр ташуучу вагонго жашынып, документтери жок Казакстанга чыгып кетүүгө аракет кылган 48 жаштагы жаран колго түштү.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин жаранды ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүп беришти.