09:32, 18 ноября 2019, Бишкек - 24.kg
Талас облусунда күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташыган унаа кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Мерседес Бенц Спринтер» унаасы колго жасалган кошумча бакка 1 тоннадан ашуун дизелдик отун ташып бара жаткан. Анын үстүнө көмүр түшүрүп, жашырып коюшкан.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Унаа айып короосуна киргизилди.