Эртең Ош шаарынын айрым бир аймактарында электр жарыгы өчөт

16:06, 15 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Эртең Ош шаарынын айрым бир аймактарында электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Көмөк чордонундагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу саат 8:00дөн 17:00гө чейин Курманжан Датка жана Масалиев көчөсүндө жарык өчөт.