Бул жаныбарлар Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Орто-Токой суу сактагычынын аймагында тукумун көбөйтүү үчүн алынып келет. Учурда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Казакстандын тийиштүү органдарына долбоордун биологиялык негиздемесин жөнөтүп, жаныбарларды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Мирслав Аманкулов жоголуп кеткен жейрендерди калыбына келтирүүгө аракет кылып жатканын белгилеп, 1930-1970-жылдарда бул жаныбарлар Кыргызстандын аймагында да болгонун билдирди.
Мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, 1930-1940-жылдары Борбор Азияда жүз миңдеген жейрен болгон. Ал эми Кыргызстанда алар Ысык-Көлдүн аймагын байырлашкан. Алардын саны азайып отуруп 1990-жылдары жок болуп кеткен.
Кыргызстанда жейрен Кызыл китепке кирген жаныбар, аны аткан кишиге 1 миллион сом айып салынат.
2015-жылы Казакстандын Костанай, Акмоло жана Актөбө облустарында акыркы эки айда жалпысынан 132 миң жейрен кырылган. 2016-жылы 6-апрелде Жейрендерди коргоо альянсынын (Saiga Conservation Alliance) билдиришинче, жейрендер Pasteurella multocida деген микробдун кесепетинен кырылган деп билдирген. Жейрендердин 90% көбү Казакстан менен Орусияда, калган бөлүгү Монголияны байырлайт.