ТИМ ата-энелердин Гонконгдогу студенттерди эвакуациялоо өтүнүчүн аткарбай жатат

11:28, 15 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

24.kg агенттигине Гонконгдо билим алып жатышкан кыргызстандык студенттердин ата-энелери кайрылып, ТИМдин аракетсиздигине арызданышты.

Эске салсак, Гонконгдо бир канча айдан бери нааразычылык акциясы өтүүдө. Алгач эл көчөгө чыгып экстрадициялоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы экенин билдиришкен. Бирок, бийлик аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүүдөн баш тарса деле, нааразы болгондор шаарда башаламандык уюштуруп жатышат. 

Башка өлкөлөрдүн ТИМи Кытайда окуп жаткан студенттерин тездетилген тартипте алып чыгып кетишүүдө. Ал эми Кыргызстандын ТИМи ата-энелердин эвакуация тууралуу өтүнүчүн аткарбай жатат.

«Башка өлкөлөрдүн элчиликтери өз студенттерин алып чыгып кетишти, биздикилер эч нерсе кылган жок. Биздин балдар казакстарга кайрылышкан экен, бирок алар өз студенттеринин иштери менен алек. Полиция чет элдик студенттер чыгып кетсин деп күтүп жатыптыр, аларды чыгарып кеткенден кийин митингчилер тарабынан курчалган университетке бастырып киришет экен. Бирок, студенттерди аралдан алып чыгуу керек, ал эми ал жакка каттамдар жок. Биздин элчилик дагы үн катпайт», — дешет кооптонгон ата-энелер.

ТИМден 24.kg агенттигине бул маалыматтан кабары бар экенин билдиришти. Министрлик Кыргызстандын Пекиндеги элчилигине биздин студенттерди аралдан алып чыгуу маселеси боюнча байланышкан. Бирок азырынча бир дагы студент Гонконгдон чыгып кете элек.