05:46
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Батукаевдин иши. Мурунку президентке бир гана эпизод боюнча айып тагылган

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу кылмыш иши боюнча баардык соттор жабык өтүп калышы мүмкүн деп кооптонууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, айыпталуучу Атамбаевге карата процессуалдык нормалар бардык тергөө этаптарында бузулууда. Мындан улам мурунку президент көрсөтмө берүүдөн жана башкалар менен жүздөштүрүлүүдөн баш тартып жатат. 

Сергей Слесарев мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин иши боюнча сот журналисттердин катышуусусуз өтө турганын эскертти. Алмазбек Атамбаев бул процесске катышпайт. Ал эми судья Эмил Кайыпов отурумду негизги айыпталуучунун катышуусуз кантип өткөрө турганын жактоочу билбейт.

«Атамбаевсиз сотту өткөрүү мүмкүн эмес. Аны мажбурлап алып келүү орунсуз нерсе», — деди Сергей Слесарев. Ал мурунку президентке бир гана эпизод боюнча айып тагылганын кошумчалады. Калган 14 эпизод боюнча шектенүү тууралуу билдирме берилген.

«Соттук териштирүү жабык болушу мүмкүн деп болжолдоп жатам», — деди жактоочу.

Эске салсак, бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Азиз Батукаевдин иши боюнча процесс башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар