17:55, 14 ноября 2019, Бишкек - 24.kg
Үстүбүздөгү жылдын январь — октябрь айларында Соцфонддун Call-борборуна 15 миң 153 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 4 миң 477 телефон аркылуу электрондук кайрылуу болду.
«Соцфонддун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт», — деп айтылат маалыматта.