Балыкчыда алкоголдук продукцияны мыйзамсыз чыгарган фирма аныкталды

13:54, 14 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Балыкчы шаарында алкоголдук продукцияны мыйзамсыз чыгарган фирма аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Балыкчы алко трейд» ЖЧКсы лицензиясыз «Оренбургский пуховый платок» маркасындагы арактарды чыгарып келген.

Ушул жылдын октябрында фирманын лицензиясы Айыл чарба министрлиги тарабынан токтотулду.

Рейддин жүрүшүндө жарым литр көлөмүндөгү 21 миң 200 бөтөлкө арак тартылып алынды.