15:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкек ШИИББнын бөлүмдөрү тарабынан козголгон 20 кылмыш ишинин документи жоголду

Башкы прокуратура кылмыш иштеринин документтери жоголуп кеткен фактынын бетин ачты. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Бишкек ШИИББнын бөлүмдөрү тарабынан козголгон 20 кылмыш ишинин документи жок болуп чыкты.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Эми башкы прокуратура түзүлгөн кырдаалды ар тараптуу ачык текшерип жана бул ишке тийиштиги бар кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берет.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби