Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин жетекчилик кызматынан кетти

09:22, 14 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин жетекчилик кызматынан кетти. Ал 24.kg агенттигине себебин айтып берди.

Анын билдирүүсүндө, өз оюн эркин билдиргиси келет. Бирок акыркы 7 айдан бери өзүн капаста калгандай сезүүдө. Байкоочу кеңештин жетекчисинин статусу майзам боюнча курч саясий темаларга аралашпай, бийликтин аракетин сындабашы керек. «Анын үстүнө жолду жаштарга бошотуш керек. Мени 3 жолу шайлашты. Эми башкалар иштесин», — деди Жыпар Жекшеев.

Чечимди өзүм кабыл алганымды дагы бир жолу кайталайм. Мага эч ким басым көрсөткөн жок, «Ак үй» дагы, «Көк үй» дагы.

Жыпар Жекшеев