Эртең Ош жана Баткен облустарынын айрым аймактарында электр жарыгы берилбейт

17:55, 13 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Эртең Ош жана Баткен облустарынын айрым аймактарында электр жарыгы берилбейт. Бул тууралуу «Ош электр» ишканасынан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу жарык төмөнкү даректерде өчөт:

Ош облусунда

  • 8.00-17.00 —Ош шаары («Ак-Тилек», «Беш-Бадам», «Он-Адыр»),
  • Агартуу, Маданият, Калинин, Кашкар-Кыштак, Керме-Тоо, Анаров, Кара-Кочкор, Кашка-Жол, Кара-Кулжа айылдары.

Баткен облусунда

  • 8.00-17.00 — Кызыл-Кыя, 13-15-кичирайон, «Чыгыш», «Чыгыш-2», «Жин-Жиган»
  • Масалиев, Марказ айылдары.