Байтик Баатыр көчөсүндөгү көпүрөгө «dzumabeekov» деп жазып кетишти

16:22, 13 ноября 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

«Фейсбуктун» колдонуучусу Курбан Идыров Бишкектеги Байтик Баатыр көчөсүндөгү көпүрөгө жазылган жазууга нааразычылыгын билдирди. Ал сүрөттү баракчасына жайгаштырды.

«Бул вандалды таап, түзөтүү жумуштарына салса болобу?», — деп суроо салган ал.

Сүрөттө dzumabeekov деп жазылып турат. «Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы бул маселени чечерин айтты.

Фото