20:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Баткен облусунда жарандын унаасынан 15 килограммдан ашуун баңгизат табылды

Баткен облусунда жарандын унаасынан 15 килограммдан ашуун баңгизат табылды. Бул тууралуу Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, шектүү унаасына 15 килограмм 720 грамм гашиш катып жүргөн.

Кошумчалай кетсек, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы афган гашишинин ири партиясын Тажикстандан Кыргызстанга ташып келген каналды аныктоо үчүн атайын операция уюштурган болчу. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар