19:18
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Атамбаев Кой-Таштагы окуядан кийин камалгандарды бошотууну талап кылат

7-8 — август күндөрү Кой-Ташта болуп өткөн окуяларга байланыштуу иштер боюнча СИЗОго камалгандардын баары бошотулушу керек. Бул боюнча мурдакы президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүндө айтылат.

Ал УКМКнын атайын бөлүгүнүн 2019-жылдын 7-августундагы операциясын мыйзамсыз деп баалап, бул окуяга байланыштуу коюлган айыптарды негизсиз деп эсептейт.

«Эгерде кандайдыр суроолор болсо, аларды мага беришсин. Мага канча абак мөөнөтүн беришпесин, бул бийликтин тушунда баарына даярмын. Бирок 7-8 —августтагы окуялардын шылтоосу менен камалгандардын баары бошотулууга тийиш. Алардын болгон күнөөсү — акыйкатка, мыйзамдарга, өлкө Конституциясына ишенгени», — дейт ал.

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн карапайым жарандары бийликтин өкүмзордугу астында таптакыр коргоосуз калганына жаны ачып жатканын айтат.

«Өзүлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жаап-жашырууга умтулган өлкөдөгү бийлик бутактары жана жогорку кызмат адамдары бардык нерсени чакчелекей кылышууда. Ак үй мыйзамсыз буйрук берген адамдарды жоопкерчиликтен калкалап, тергөө органдары аркылуу «массалык башаламандыкты уюштургандарды» жазалоону көздөп жатканын жана ошол эле убакта нараазычылык тынч адамдарга ок аткандан кийин, экс-президентинин үйүнө куралчан адамдар мыйзамсыз басып киргенден кийин гана башталганын атайын «унутуп жатканын» түшүнө баштаган адамдардын саны күндөн күнгө өсүүдө», — дейт ал.

Алмазбек Атамбаев бул иш-аракеттери өлкөнүн кызыкчылыгына эч кандай тиешеси жок экендигин, анын артында Сооронбай Жээнбеков гана турарын айтат.

«Баары президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан болуп жатат жана анын бирден бир гана максаты экс-президент Алмазбек Атамбаевди жаманатты кылуу, көзүн тазалай албагандан кийин аны моралдык жактан жок кылуу болуп эсептелет», — дейт Алмазбек Атамбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума