11:28
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Баткен облустук соту адам өмүрүнө кол салган жаранды 11 жылга эркинен ажыратты

Баткен облустук соту адам өмүрүнө кол салган К.Т. аттуу жаранды 11 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

Маалыматка караганда, айыпталуучу балдарын мурунку аялынан өз жанына алууну чечкен. Алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, аялын бычак менен сайып жиберген.

«Айыпталуучунун айтымында, мурунку жубайы аны чайнек менен башка чаап жиберген. К.Т. бычакты алып жабырлануучуну сайган. Кадамжай райондук соту К.Т.ны 6 жылга эркинен ажыратканы менен, экинчи инстанция бу чечимди күчөттү», — деп айтылат өкүмдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби