Кыргызстан — Жапон бетттеши. Билеттер толук сатылып бүттү

09:33, 13 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан жана Жапониянын курама командаларынын футболдук беттешине билеттер толук сатылып бүттү. Бул тууралуу Футбол федерациясы маалымдады.

Оюн өтө турган Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион 18 миң орундуу.

Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы беттеш 14-ноябрда саат 17.15те башталат.

Буга чейин Футбол федерациясы күйөрмандарды оюн талаасына чуркап чыкпоого чакырган. Болбосо, уюштуруучулар ири өлчөмдөгү айып пулга жыгылат.