14:25, 12 ноября 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоков жумуштан алынды. Бул боюнча буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Саймаити өлгөн жерде анын уунасы табылган. Машинанын 34 CC 2902 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган.
Бирок, Тышкы иштер министрлиги эки күндөн бери бул маалыматты тактоо менен алек. Башкы консул Эркин Сопоков журналисттер менен байланыштан баш тартууда.
Эркин Сопоков 2017-жылдан бери Стамбулдагы консулдукту жетектейт. Ал эмгек жолун Алмазбек Атамбаевге тиешелүү «Кыргызавтомаш» заводунда айдоочулуктан баштап, Салык тармагында эмгектенген.