Өзбекстанда газ жарылып, эки киши мерт болду

13:50, 12 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Ташкент облусунун Куйичирчик районундагы жеке турак үйдө газдын сызылып чыгуусунан улам жарылуу болуп, эки киши өлдү. Дагы төрт адам түрдүү жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин алдындагы Тергөө департаменти кабарлагандай, кырсык 11-ноябрда болгон. Учурда ал жерде ыкчам-тергөө тобу иш алып барууда.

Баштапкы маалыматтарга караганда, төрт адам түрдүү деңгээлдеги күйүктөр менен ооруканага жеткирилген.