21:10
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Кафедеги жарылуу. Тез тамактануучу жайлардын баары текшерүүдөн өтөт

Бишкекте «Антошка» кафесиндеги жарылуудан кийин тез тамактануучу жайлардын баарын текшерип чыгууну чечишти. Бул тууралуу мэриянын пландуу жыйынында маалым болду. 

Басма сөз кызматтан билдиришкендей, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев 18-ноябрга чейин мектеп, бала бакча, социалдык мекемелер, тез тамактануучу жайларда өрткө каршы чараларды күчөтүү боюнча план-программаны даярдоо тапшырмасын берди. Ал борбор калаадагы өрткө каршы иш-чаралар үчүн шаардык бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнгөнүн кошумчалады.

Эске салсак, 8-ноябрда Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварында жайгашкан тез тамактануучу жайда жарылуу болгон. Анда 13 адам ар кандай жаракат алып, кафенин бир кызматкери каза болду.

 
Эң көп окулган жаңылыктар