Нарында жер титирөө катталды

08:56, 12 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн саат 07:37де Нарын облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Нарын районунун Таш-Башат айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.