ӨКМ: Ашууда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

14:58, 11 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

11-ноябрдан 12-ноябрга чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондоруна жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун 76-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күртүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.