Айсулуу Тыныбековага унаа белек кылышты

14:02, 11 ноября 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев аялдар арасында күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага «Toyota Camry» үлгүсүндөгү унаа белек кылды. Бул тууралуу соцтармактарда жарыяланды.

Маалыматка караганда, ишкер унааны кече тартуулаган.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова быйыл Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн аялдар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында биринчи орунду жеңип, алтын медаль тагынган. Президент Сооронбай Жээнбеков спортчунун жеңиши менен куттуктап, Бишкектен үч бөлмөлүү батир белек кылган. Мындан сырткары дагы бир жеке ишкер Алмаз Тиленов 1 бөлмөлүү батир тартуулаган болчу.