11:18, 11 ноября 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкектеги «Антошка» кафесинин ижарачысын үй камагына кое беришти. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.
Чечимди Свердлов райондук соту кабыл алды.
Эске салсак, 8-ноябрда Чүй проспектиси жана Эркиндик бульварында жайгашкан тез тамактануучу жайда жарылуу болгон. Анда 13 адам ар кандай жаракат алып, кафенин бир кызматкери каза болду.