11:07, 11 ноября 2019, Бишкек - 24.kg
Анжелика Кайратова «Супер-инфо» гезитине маалымат бербегенин айтып, анын Super.kgге берген видео комментарии бурмаланып чыкканын жарыялады.
Ал гезиттин «Жүрөгүм бош эмес, жигитим колумду сурады» темасындагы билдирүүсүнө нараазы.
«Жигитим деп айткан эмесмин. Жүрөгүм бош эмес экени туура. Бирок, жигит жандап жүрө турган куракта эмесмин. Менин уруксатымсыз мен жөнүндө калп маалымат таратканы токтоткула», — дейт Анжелика.
Анжеликаны бул билдирүүсүн айрым шоу-бизнес өкүлдөрү колдоого алышты.«Анжелика, сага толук кошулам! 7 жыл мурун булар менден алган интервьюну да бурмалап чыгарышкан. Бир кечирим сурашкан жок. Ошондон бери, булар менен мамилем жок», — деп жазды ырчы Самат Дөөлөтбаков.
«Супер инфону биринчи көрүп жатасыңбы?», — дейт Асыл Апасова.
Анжелика өзү учурда кыздары менен Мальдива аралында эс алып жүрөт.