10:38, 11 ноября 2019, Бишкек - 24.kg
Түркияда Кытай жараны Айэркен Саймаити атып кетишти. Бул тууралуу түрк ЖМК маалымдашты.
Алардын билдирүүсүндө, Айэркен Саймаитини 10-ноябрда кечинде Стамбул шаарындагы отелдин багында атып кетишкен. Ал алган жаракаттарынан ооруканада көз жумду.
Белгилей кетсек, Айэркен Саймаити Кыргызстанда дагы иш жүргүзгөн уйгур ишкерлеринен. Анын ысмы «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» иликтөөсүндө аты аталган. Анда Айэркен Саймаитинин Матраимовдор менен байланышы айтылып, «Исмаил Ата» фондуна акча которгону белгиленген.