09:34, 11 ноября 2019, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине качкын президент Курманбек Бакиевдин ысымын берүү тууралуу токтом жокко чыгарылат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, көчөнүн аталышы тууралуу документти айылдык кеңештин депутаттары кабыл алышкан.
«Токтомду мыйзамсыз кабыл алышкан. Аны жокко чыгарышат. Көчөнүн атын Курманбек Бакиев деп коюу тууралуу маалыматты облустук жана райондук администрация билген эмес. Буга жол бергендер жоопко тартылат», — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.
Эске салсак, 9-ноябрда соцтармактарда Курманбек Бакиев атындагы көчө деп жазылган стенддин сүрөтү таркаган.