Бишкекте 11-кабаттан кыз кулап кетти

15:14, 06 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 11-кабатынын кыз кулап кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу кыз ооруканага жаткырылды.

«Окуя Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Кулап кеткен кыздын өздүгү такталууда. Окуя болгон жерде тартип сакчылары иш алып барышууда», — деп айтылат маалыматта.