Кыргызстанда алгачкы жолу аудиолог кабинети ачылды

11:37, 06 ноября 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

Кыргызстанда алгачкы жолу аудиолог кабинети ачылды. Бул тууралуу «Өнүгүү» коомдук бирикмесинин директору Саида Абдукадырова 24.kg агенттигине билдирди.

Фото

Маалыматка караганда, ата мекендик адистин иш бөлмөсү Бишкектеги № 6 үй-бүлөлүк медицина борборунда орун алган. Ал кохлеардык импланттары бар кыргызстандык бардык жарандарга жеткиликтүү болот.

Буга чейин сүйлөө процессорлорун жөндөө боюнча кызматтар Кыргызстанда жеткиликтүү болбой, жарандар ар 6 ай сайын чет өлкөгө барууга муктаж болушкан.

Кошумчалай кетсек, ушул жылдын жайында Кыргызстандын эки адиси Киев шаарындагы «Жакшы угуу чеберканасы» мектебиндеги окуудан өтүп, эми жергиликтүү адистерди окутууга киришти.

Адистерди окутуу «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен «Өнүгүү» балдар борбору коомдук бирикмесинин «Угуунун бузулушу менен балдар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү» долбоорунун алкагында уюштурулду.