Бүгүн абанын температурасы кескин төмөндөйт

11:10, 06 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...-5° суук, күндүз 1...6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0...5°, күндүз 7...12° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 0...-5° суук, күндүз 2...7° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −2...-7° суук, күндүз −1 сууктан...+4° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн −4...-9°, күндүз 0...-5° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −10...-15°, күндүз −1...-6° суук болушу күтүлөт.

Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертет.