Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсү, коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Кыргызстандын аймагында диний экстремисттик уюмдардын жашыруун ячейкаларынын иш-аракеттерин жетектеп келген.
Шектүү Ш.Т. коңшу мамлекеттердин биринде «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө турган. Ал жасалма паспорт менен Кыргызстандын аймагында активдүү экстремисттик аракеттерин жасап келген.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ш.Т. Бишкектеги № 1 тергөө абагына киргизилди.