Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

10:41, 06 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсү, коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Кыргызстандын аймагында диний экстремисттик уюмдардын жашыруун ячейкаларынын иш-аракеттерин жетектеп келген.

Шектүү Ш.Т. коңшу мамлекеттердин биринде «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө турган. Ал жасалма паспорт менен Кыргызстандын аймагында активдүү экстремисттик аракеттерин жасап келген.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ш.Т. Бишкектеги № 1 тергөө абагына киргизилди.