Чүй облусунда дайынсыз жоголгон Батма Маматкалыева изделүүдө

10:29, 06 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон 1996-жылы туулган Батма Маматкалыева изделүүдө. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти. 

Фото

Маалыматка караганда, 8-октябрда Аламүдүн районундагы Октябрь айылынын Герцен көчөсүнөн чыгып кеткенден бери ушул күнгө чейин дайынсыз болууда.

Бою 160-165 сантиметр, күрөң түстүү далысынан ашкан чачы бар. Боз туника жана үйгө кийилүүчү бут кийим кийип жүргөн.

Кимде-ким Батма Шаапыеванын кайсы жерде экендиги тууралуу маалыматы болсо 0(709) 94-84-34, 0(704) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 номурлары аркылуу же 102 номуруна чалса болот.