Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында жеке үй өрттөнүп кетти

09:37, 06 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында жеке үй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМге Рысмендиев көчөсүндө жайгашкан турак жай күйүп жатканы тууралуу маалымат саат 20.14тө келип түшкөн.

Үч өрт өчүрүүчү бригада саат 21.40та өрттү чектөөгө алышты.