Быйылкы жылдын 10 айында Баткен облусунда 203 жол кырсыгы катталды

09:31, 06 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Быйылкы жылдын 10 айында Баткен облусунда 203 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 40 фактыга көп.

Быйыл кырсыктан 44 киши каза болуп, 368 киши ар кандай жаракаттарды алышкан. Каза болгондордун 6оо өспүрүмдөр.