12:14, 05 ноября 2019, Бишкек - 24.kg
Бишкек — Ош жолунда унаа оодарылып, бир аял жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, «Хонда-Степвагон» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кесепетинен 1957-жылу туулган аял жабыркады. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Кырсык кечээ болжол менен саат 16:05те катталган.