«Жалданмачылык» беренеси боюнча изделип жаткан 24 жаштагы жаран кармалды

11:09, 05 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын «Жалданмачылык» беренеси боюнча изделип жаткан 24 жаштагы жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Фото

Маалыматка караганда, кармалган жаран 2015-жылы Сирияга чыгып кеткен. Ал жактан диверсанттык-террордук даярдыктан өтүп, Сириядагы өкмөттүк аскерлерге каршы куралчан жаңжалга катышкан.

Ал эмгек мигранты катары КМШ өлкөлөрүнүн биринде жашырынып жүргөн.

Учурда ал Жалал-Абад ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.