ЖАМКтын коргоо жана кайтаруу департаментинде жоокер каза болду

09:58, 05 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

ЖАМКтын коргоо жана кайтаруу департаментинде аскердик милдет өтөп жаткан жоокер каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жеке булак билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, жоокер токко урунган.

«Окуя кечээ саат 16:40 чамасында болду. Жоокер лампочканы алмаштырып жатканда ток урган. Ал эс учун жоготуп өзүнө келбей көз жумду. Факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деп билдиришти редакцияга.