Бишкекте айдоочу кары кишини сүзүп кетти

09:47, 05 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 82 жаштагы аял кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык кечээ Абдрахманов жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Жабырлануучуга алгачкы жардам көрсөтүлүп, андан соң аны ооруканага жеткиришти.

Кошумча маалымат берилет.