Журналист Чынара Токонова оорунун айынан каза болду

17:30, 04 ноября 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн журналист Чынара Токонова 37 жашында оорунун айынан каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти. 

Фото

Маалыматка караганда, ал кечээ экинчи жолу инсульт болуп, Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылган.

Эске салсак, Чынара Токонова акыркы убакта «Булан» институтунда иштеп жаткан. Ага чейин ал КТРК, НТС, 5-канал жана «Санжыра» радиосунда эмгектенген.

24.kg агенттигинин жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.